Мамлекеттик жөлөк пул муктаждарга даректүү түрдө жетпей жатат

Калктын дээрлик 60%ы тиешелүү документи же бир жерде каттоосунун жоктугунан улам жөлөк пул муктаждарга даректүү түрдө жетпей келүүдө. Бул тууралуу жумушчу топтун мамлекеттик жөлөк пулдар мыйзамынын аткарылышы тууралуу маселелерди угуу учурунда айтылды. 

Вице-спикер Аида Касымалиева кечээ, 13-майда Бишкек шаарындагы “Ак-Бата”, “Ак-Жар” конуштарына барып, жөлөк пул маселесине байланыштуу элдин пикирин укту.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров документ чогултуу милдети  министрликке жүктөлүп, жакын арада электрондук негизде аткарыларына токтолду. Бирок, ошол эле учурда бардык көйгөйлөр аталган министрликтин карамагында гана чечилбестигин дагы эскертип өттү.

Учурдагы эрежелер боюнча эгерде үй-бүлөнүн кирешеси ар бир адамга эсептегенде 900 жүз сомдон ашса, анда алар жөлөк пул ала албайт.

Аида Касымалиева бул маселе боюнча Ош жана Чүй облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында бир нече жолугушуу өткөргөнүн айтып, мыйзамдардын аткарылышы боюнча элдин пикирин угуу аркылуу тиешелүү өзгөртүүлөрдү сунуштоо анын башкы максаты экенин билдирди. Мындай жолугушуулар жакында Нарын менен Ысык-Көл облустарында да уюштурулат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of