Ош шаардык кеңешине жаңы төрт депутат келди

0

Ош шаардык кеңешиндеги КСДП жана “Мекеним Кыргызстан” партияларынын депутаттар курамы өзгөрдү. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

КСДП партиясынан Хамидулло Исмаиловдун ордуна Анарбек уулу Санжарбек жана Идирисбек Кубатбековдун ордуна Марс Исаев келип кошулду.

“Мекеним Кыргызстан” партиясында болсо Таалайбек Шабанов жана Айбек Камалов мандатын тапшырып, алардын ордуна Үркүнбаев Калыбек жана Эрнест Мырзаевдер келишти.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of