Өзгөндө 15 жаштагы кызын зордуктаган атага сот өкүм чыгарды

0

Өзгөндө 15 жаштагы кызын зордуктоого айыпталган ата Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси “зордуктоо” менен күнөөлүү деп табылып, 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу  Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Айыпталуучу 2018-жылдын июль айында Өзгөн районунун Кош-Коргон айылында өзүнүн 9-класста окуган кызына карата күч колдонуп, бир түндө үч ирет зордуктаган. Кийин окуучу кыз өз атасынан кош бойлуу болгон . Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой жабырлануучу кыздын апасы 2013-жылы каза болгон. Кийин атасы башка аялга баш кошуп, бир жылга жакын убакыттан кийин эки ажырым жолго түшүшкөн.

15 жаштагы кыз үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде операция жолу менен көз жарып, баласын багууга шарты жоктугуна байланыштуу ымыркайды ооруканага таштап, өзү «Ак жүрөк» кризистик борборуна кайткан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of