Жер бетинен жок болуп кеткен тарыхый жайларды эми сүрөттөн гана көрө алабыз.

0

Жүздөгөн, миңдеген жылдардан берки тарыхты катып жаткан жайларды эми сүрөттөн гана көрө алабыз. Мурда мындай ажайып жайларды жаратылыш кырсыктары талкалап кетсе, бүгүнкү күндө аларды адам баласы өздөрү жок кылууда.

Сириянын Пальмира шаарындагы Баалшамин храмы. Уламыш боюнча аны Соломон падышанын убагында курушкан. Өз доорундагы эң бай шаар деп эсептелген.

Таиланддагы Пхи-Пхи аралдарындагы Maya bay пляжы, азыркы учурда бул пляж туристтер үчүн жабык.

Парагвай менен Бразилиянын ортосундагы Итайпу гидроэлектростанциясы.
1982-жылы Итайпу дамбасы курулуп жатканда шаркыратма жок кылынган. Азыр бул жерде планета боюнча эң кубаттуу ГЭСтердин бири турат.

Нохмул — Белиздеги пирамидалардын бири.
Бийиктиги сегиз метрге жеткен бул эстелик 2 миң жыл мурда курулган. 2013-жылы жол салган компания шагыл алуу максатында аны бузуп салган.

Орегон шатындагы Дакбилл аскасы.
2016-жылы аны эс алып жүргөн балдар талкалаган. Кийин өздөрүнүн кылганын “досубуз бутун сындырып алганы үчүн” деп түшүндүргөн.

Афганистандагы Будданын айкели. Анын курулушу II кылымда башталып, 200 жылга созулган. 2001-жылы талибдер аны теңирчиликтин символу катары талкалап салышкан.

Түштүк Америкадагы Чакалтай мөңгүсү. 2009-жылга чейин ал аймактагы эң ири мөңгү болуп эсептелчү. 2009-жылы ал толугу менен эрип кеткен.

Испаниядагы Эль Дедо де Диос аскасы. Жергиликтүү эл аны “Кудайдын сөөмөйү” деп атачу. 2005-жылы тропикалык бороон-чапкын учурунда урап калган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of