Бишкекте жол чийинден 12 жашар баланы унаа коюп кетти (Видео)

0

Бул тууралуу жергиликтүү Спитник сайты жазып чыкты. Маалыматка караганда жол кырсыгы 14-майда, саат 18:20лар чамасында Москва менен Манас кең көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Күбөнүн айтымында, машина баланы киши өтүүчү жерден коюп кеткен. Ошондой эле милиция жол кырсыгы болгонун ырастаган.

“Бала Манас проспектисинен өтүп баратканда айдоочу коюп кеткен. Ал жол чийинден кетип бараткан. Тийиштүү экспертизалар дайындалды. Автоунаа атайын жайга токтотулду”, — деп шаардык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Видеодо жабырлануучунун кызыл жарыктан өтүп баратканын байкоого болот. 12 жаштагы бала түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилгени кошумчаланат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of