Эмиль Токтошев: “Бизде Корея менен Түркиядан ашса ашып, эч кем калбаган мүмкүнчүлүктөр жетиштүү “

0

Кыргызстандын башкы приоритетин аныктоодо туризмди тандасак эч адашпайбыз. Ошондуктан, жөнү жок кен байлактарга тийишпей, туристтик сервисти жакшыртууга артыкчылык беришибиз керек. – деген депутаттык топ Ысык – Көлдө кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча Жогорку Кеңештин токтом долбоорун иштеп чыкты. Анын негизги мазмуну тууралуу маалымат берип, ЖК депутаты, Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Эмиль Токтошев бүгүн, 15 – майда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Депутат Ысык – Көлдөгү эс алуу жайлары жайкы мезгилде ашып кетсе 3 ай иштеп, жылдын калган 9 айы дээрлик бош тургандыгына токтолду. Мындай  жагдайды жөнгө салып, туризмдин медициналык багытын өнүктүрүү керек, – деген эл өкүлү, – “Бул жагынан Корея менен Түркиянын тажрыйбалары үлгү болот. Бизде да андан ашса ашып, эч кем калбаган мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Ысык – Көл өзү эле бир катар дартка дабаа болчу касиетке ээ” – дейт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of