Кытай абагында жаткан эки Кыргызстандык жаран алып келинди

0

Кытайдын абактарынын биринде узак убакыттан бери жаткан эки Кыргыз жараны бүгүн 15-майда Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Аларды Кытайдын жаза аткаруу кызматы 14-май күнү Үрүмчү шаарында Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматкерлеринин колуна өткөрүп берген.

Маалыматта алардын Кытайда абакка кандай жол менен түшүп калганы тууралуу айтылган эмес.

Бүгүнкү күндө Кытайдын түрмөлөрүндө Кыргызстандык 17 жаран бар.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of