Өлкөдөн чыгып кеткен судьяга издөө жарыяланды

0

Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен Москва районунун мурунку судьясы Марлес Феликске издөө жарыяланды. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык 12-апрелде айыпталуучуга башкы прокурор тарабынан 314-берене менен (жогорку кызматтагы адамга ири өлчөмдөгү пара сунуштоо) айып тагылган. Ал эми тергөө жана иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө айыпталуучу Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткени белгилүү болгон.

4-майда Биринчи май райондук сотунун судьясы шектүүнү сыртынан камакка алуу тууралуу чечим чыгарып, ага карата издөө жарыяланган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of