Мектептердин айланасындагы дүкөндөрдө сатылып жаткан ичимдиктер тууралуу өкмөт жооп берди

0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында жарнактар боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси каралып жатат. Анда депутат Жыргалбек Турусбеков өкмөттүн өкүлү, мамлекеттик антимонополиялык агенттигинин директору Сабиров Шухраттан эмнеге айрым жарнактардын кыргыз тилинде эмес бир гана орус тилинде жазылып жатканын жана аларга карата кандай чара көрүлүп жатканын сурады. Ошондой эле эл өкүлү мамлекеттик имараттар айланасындагы жарнактардын аралыгы жөнүндө мыйзамда көрсөтүлгөн аралык сакталбай жатканын, ошол эле мектептердин айланасындагы дүкөндөрдө сатылып жаткан тамеки, алкоголдук ичимдиктер тууралуу, мыйзада тыюу салынган алкоголдук ичимдиктердин видеожарнактарына кандай чаралар көрүлүп жатканын сурады.

Бул суроого өкмөттүн өкүлү Шухрат Маматалиевич «Улуттук мамлекеттик тил камиссиясы менен рейддерди жүргүзүп, кыргыз тилинде эмес жарнактарга эскертүүлөрдү берип, өзгөрттүрүп жатабыз. Ал эми социалдык тармактар аркылуу алкоголдук ичимдиктерди жарнамалаган видео жарнактар боюнча бир жыл мурун мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, тыюу салынган. Өткөн жылы 42 эскертме берилип, штрафтардын негизинде 390 миллион сом бюджетке чегерилген. Бул боюнча дагы талаптар күчөтүлөт» деп жооп берди.

Ошондой эле өкүлү “Орусияда мамлекеттик мекемеринин айланасында 100 метрлик аралыкта көрнөк – жарнактар болбошу керек деген мыйзам бар, бизде кандай? Биздин өлкөдө мектептердин жанындагы дүкөндөрдө алкоголдук ичимдиктер, тамекилер сатылып жатпайбы” деген суроого, биздин мыйзамга ылайык мамлекеттик имараттардын айланасында 200 метр аралыгында жарнактар болбошу керектигин, жергиликтүү бийлик оргондары менен биргеликте иштер алып барылып жатканын айтты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of