УКМКнын жетекчиси кызматтан кетти

0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов  ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМУ башчысы өзү жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулган.

Кадыркулов атайын кызматты 2018-жылдын 20-апрелинен бери жетектеп келген. Анын ысымы акыркы убактарда паспорт чырына байланыштуу тендерде аталган.

Жакында эле кызматынан кеткен Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова 2018-жылы 6-декабрда аны жана президенттин кеңешчиси Дастан Догоевди УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Бишкектеги ресторандардын бирине чакырып, паспорт чыгаруу боюнча швейцариялык «КБА НотаСис С.А.» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуштурганын айтып чыккан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of