“Жөргөмүш кишинин” кийимин кийген бала 8-этаждан секирип жиберди

0

Грузиянын Тблиси шаарында жөргөмүш адамдын кийимин кийген 4 жашар бала сегизинчи этаждан секирип, бактыга жараша аман калды. Бул тууралуу Грузия Online басылмасы кабарлады. Күбөлөрдүн айтуусунда  ал сүйүктүү каарманы болгон жөргөмүш кишини туураган. Маалыматка ылайык бала батирде чоң энеси менен бирге болгон. Бирок чоң энеси баланы өз бөлмөсүндө ойноп жатат деп, секиргенинен кабары болгон эмес.

Күбөлөр “баатыр” баланы түрдүү жараатар менен ооруканага жеткиришкен. Даарыгерлер баланын абалы канааттандыраарлык экенин айтышып, жашоосуна эч канай коркунуч жок экенин кошумчалашкан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of