Настя Каменских менен Потаптын баш кошуп жатканы белгилүү болду

0
Украиналык ырчылар Алексей Потапенко (Потап) жана Настя Каменских үлпөт тоюна сырдуу чакырууларды таратышты. Бул тууралуу чет элдик “Дни.ру” басылмасы  кабарлады.
Таратылган чакырууда белгиленгендей үйлөнүү аземи 23-майда болмокчу. Чакырууда чакырган тараптын аты жөнү жазылбаганы менен, андагы белгилер, “П” жана “К” тамгалары Потап менен Настянын тоюна чакыруу экенинен кабар берээри анык. Баш кошуп жаткан түгөйлөр чакыруу баракчада “Бул кабарды жашыруун туталы” деген суранычын да кыстара кетишкен.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Потап жергиликтүү шоулардын биринда күйөрмандарынын суроолруна жооп берип жатып, Настя менен мамилесин ачыктаган.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of