Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы оңдоп-түзөө иштерине салым кошкон ишкерлерди сыйлады

0

Оштун мэри шаарды оңдоп-түзөөгө салым кошкон ишкерлерди сыйлады. Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана шаардын инфраструктурасын оңдоп-түзөө иштерине демөөрчүлүк көрсөткөн ишкерлер мэриянын ардак грамотасы менен сыйланды. Сыйлыкты Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тапшырып, ишкерлерге ыраазычылык билдирди.

“Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланып, ачылыш аземи борбордук стадиондо өттү. Кароосуз калган стадионду аз убакыттын ичинде оңдоодон өткөрүүгө жардам бердиңиздер. Эл үчүн, шаар үчүн кылган эмгегиңер чоң. Мына эми шаардыктар шарты бар стадиондо футбол көрүп жатышат. Мындан тышкары бир топ иштерге жардам көрсөтүлдү. Мэрия тарабынан да бир канча иштер башталды. Ишкерлерди дайым колдойбуз. Ош шаарында ишкерлерге тоскоолдук болбош керек”,-дэйт Т. Сарыбашов.

Ош шаардык кеңешинин депутаты, социалдык комитеттин төрагасы Осмонов Ашим Алымович да калаа башчысына жана ишкерлерге ыраазычылыгын билдирди.

“Таалайбек Насирбековичтин колдоосу, демилгеси менен Ош шаарында алгылыктуу иштер болду. Ага өзүбүз да күбө болдук. “Ош- Түрк элдеринин маданий болбору” иш чарасы бийик деңгеелде өттү. Бул дагы Ош шаарыбызды дүйнө жүзүнө таанытты деген ойдобуз. Ушул жергиликтүү бийлик дайым ишкерлерди колдоп келүүдө, мындан ары да колдой берет деп ишенебиз”,-деген пикирин айтты. 

Белгилей кетсек, борбордук А. Сүйүмбаев атындагы стадионундагы аткарылган иштердин басымдуу бөлүгү ишкерлердин колдоосу менен ишке ашылырды. Мындан тышкары бир канча долбоорлорго колдоо көрсөтүп келе жатышат.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of