Бүгүн “КТ Мобайл” компаниясынын иши боюнча депутаттык комиссиянын алгачкы отуруму болот.

0

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 15-майда өткөн жыйынында бир катар депутаттар мамлекеттик «Кыргыз телеком» компаниясына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөргөн. Ошондон улам, КСДП жана «Өнүгүү – Прогресс» парламенттик фракцияларынын чечимдеринин негизинде депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал бир ай ичинде депутаттарды өзүнүн иликтөө жыйынтыгы менен тааныштырууга тийиш.

Депутаттык комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Акаев Жанарбек, Жураев Сайдолимжан, Осмонова Айнура, Кулбараков Абтандил, «Республика – Ата-Журт» фракциясынан Маматалиев Марлен, Зулушев Курманкул, Жеенчороев Мирлан, «Кыргызстан» фракциясынан Баатырбеков Алмаз, Масабиров Таалайбек, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан Асылбаева Гүлшат, Жамалдинов Зиядин, «Бир Бол» фракциясынан Жапаров Акылбек, «Ата Мекен» фракциясынан Шыкмаматов Алмамбет кирди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of