Ошто 8 жашар бала сууга агып каза болду

0

Ош шаарында 8 жаштагы бала үйүнүн алдындагы каналдагы сууга агып кетип, каза болду. Маалыматты Ош шаардык милициядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 8 жашар бала 15-май күнү саат 21:30 чамасында Шакиров көчөсүндөгү сууга ойноп жатып, кокусунан түшүп кеткен. Суудан куткарылып, ооруканага жетпей жолдон каза болуп калган.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of