Орусияда Коопсуздук кызматынын башчысынын үйүнөн 12 тонна акча каражаты табылды (Видео)

0

Орусиянын Коопсуздук кызматынын “К” бөлүмүнүн башчысы, полковник Кирилл Черкалиндин үйүнөн 12 миллиард рубль акча каражаты табылды. Бул тууралуу “Свободная пресса” басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык 17 – майда Черкалиндин үйлөрүн тинтүү учурунда үч батиринен биригип 12 миллиард акча табылып, мындан мурун үйүнөн 8 миллиард рубль табылган Ички иштер министринин полковниги Дмитрия Захарченкону ашып өтүп, коррупционерлердин арасында рекорд койду.

Аткаминердин үйүнөн табылган акча каражатынын салмагы 12,48 тоннаны түзүп, муну алып чыгыш үчүн жогорку кубаттуу 2 самосвал керектелет.

Тергөөчүлөрдүн айтымында Кирилл Черкалин бир канча алдыңкы банктарды калкалап, аларды текшерүүдөн коргоп турганы үчүн чөң өлчөмдөгү пара алып турган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of