19 жаштагы студент кыз селфиге түшүү учурунда 10 – кабаттан кулап каза болду

0
Иллюстрация
Литванын борбору Вильнюс шаарында 19 жаштагы Белоруссиялык Виктория аттуу студент кыз селфиге түшүү учурунда 10 – кабаттан кулап каза болду. Бул тууралуу Белоруссиянын Тышкы иштер Министрлигинин маалыматына таянып “Mirror” басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык 19 жаштагы Виктория Мамлекеттик Европалык окуу жайдын студенттик жатаканасында жашаган. Ал селфиге түшүү үчүн өзү жашаган  жатакананын 10 – кабатындагы балкондун кырына чыгып, тең салмактуулугун жоготуп кулап кеткен. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келип, дарыгерлердин аракетине карабай, Виктория ошол жерден жан берген.
Виктория болгону 2 – курстун студенти болгон. Мугалимдери жана чогуу окуган курдаштары ал аябай шайыр кыз болгонун белгилешип, жакындарына көңүл айтышты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of