Депутат айымды сөккөн кызматкери үчүн мэрия кечирим сурады

“Бишкек мэринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси Гуля Алманбетованын социалдык тармакта терс сөздөрдү жазганы үчүн кечирим сурайбыз” деп мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдиргенин Супер Инфо маалыматтык сайты кабарлады.

“Ал анын жеке пикири, мэрибиз Азиз Суракматовдун жана Бишкек шаардык мэриясынын пикирин билдирбейт. Мыйзам чегинде иш тартиптик жазасын алат. Бишкек шаардык мэриясы коомго терс көрүнүштөрдү, сөздөрдү, кыймыл-аракеттерди колдобойт. Сиздердин боорукерлигиңиздерге жана кечиримдүүлүгүңүздөргө ишенүү менен, терең урмат-сыйыбызды кабыл алыңыздар”, – деди Түлөбаев.

Буга чейин депутат Махабат Мавлянова келиндерди тойго төшү жана далысы ачык, чыпташып турган көйнөктөрдү кийбөөгө чакырган. Мэрдин кеңешчиси Гуля Алманбетова депутаттын чакыруусу боюнча уят сөз менен пост жарыялаган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of