Египетте туристтердин автобусунун жанында бомба жарылды

Жардыруу болгон жердеги автобустун айнеги талкаланган

Египетте Гиза пирамидаларынын жанында жарылган бомбадан кеминде 16 адам жабыркады. Жаракат алгандар негизинен чет элдик туристтер.

Автобус музейдин жанынан өтүп баратканда жардыруу болгон. Автобуста баардыгы 28 жүргүнчү болгон.

“Франс-Пресс” агенттиги өзүнүн булактарына таянып, жабыркагандар Түштүк Африка Республикасы менен Египеттин жарандары экенин жазды. Анын маалыматына караганда, туристтердин өмүрүнө коркунуч жок.

“Интерфакс” жардыруунун айынан Египет менен чартердик каттамдар бир нече айга токтоп калышы мүмкүн экенин билдирди.

“Каирдеги трагедиядан кийин өлкөнүн курортторуна учак менен россиялыктарды алып баруудан мурда туристтик коопсуздукка талаптарды олуттуу түрдө кайра карап чыгуу керек. Аба майдандарынын чегинде эле эмес, барган жана кайта келген жолдогу коопсуздук керек”,-деди “Интерфакска” маектешкен өкүл.

Агенттиктин маалыматына караганда, коопсуздук чараларын кайра карап чыгуу иши бирнече айга созулуп кетиши мүмкүн, ошол себептүү Египет менен чартердик байланыштар токтоп турушу ыктымал.

Туризм – Египеттин экономикасында киреше берүүчү негизги тармактардын бири. 2011-жылдагы Араб жазы деп аталган саясий толкундоолордун убагында көп зыян тарткан бул индустрия соңку жылдары калыбына келип баштаган.

Египетте туристтер террордук чабуулга алынган бул жарым жылдагы экинчи окуя. Декабрда жол чекесинде болгон жардыруудан ветнамдык үч турист жана жергиликтүү гид курман болгон эле.

Чоң Египет музейи курулуп бүтө элек, анын ачылышы 2020-жылы болот деп жатышат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of