Футболчулар уюшкан кылмыштуу топтон 34 миң доллар алып экинчи командага жеңилип беришкен…

0

Грузияда 11 футболчу жасалма-матч же алдын ала соодалашылган беттешүүлөрдү өткөрүүгө шектүү катары камалды. Аталган өлкөнүн Коопсуздук кызматы кармалгандардын сегизи азыркы, үчөө мурдагы оюнчулар экенин билдирди. Алардын бешөө 19-майда Батумиде өткөн “Динамо” лигасында 2:0гө утулуп калган Тблисинин WIT Georgia командасынын мүчөлөрү.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, футболчулар уюшкан кылмыштуу топтон 34 миң доллар алгандан кийин экинчи командага жеңилип беришкен. Грузиянын мыйзамдарына караганда алар төрт жылдан алты жылга чейин абакка кесилиши ыктымал.

Футбол федерациясы тергөө менен кызматташа турганын билдирди. Тблисинин мэри, Чемпиондор лагасынын эки жолку жеңүүчүсү Каха Каладзе бул көрүнүштү айыптап, ар ким кылганы үчүн жооп бериши керектигин айтты. “Бул спорт эмес, бул башка нерсе” деди ал.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of