Итине туура эмес мамиле кылганы үчүн сүйүктүүсүнө үйлөнүүдөн баш тартты

Иллюстрация

Итине туура эмес мамиле кылгандыгы үчүн сүйүктүүсүнө үйлөнүүдөн баш тартты. Бул тууралуу чет элдик “The Sun” басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык 4 жыл сүйлөшүп, баш кошоор алдында жигити сүйлөшкөн кызын таштап кетти. Мындай кадамга сүйлөшкөн кызы итине туура эмес мамиле кылганынан улам барган. Той алдында достору менен кече өткөрүүнү каалаган сүйүктүүсүнө итин таштап, жигит өзү дем алышта ата энесине кеткен. Кечеде итке көңүл бурулбай, ал бир канча таттуу момпосуй жеп алып, абалы начарлап ветеринардык ооруканага түшкөн. Мындай жорукту кечирбеген жигит сүйүктүүсү менен үйлөнүүдөн баш тартып,  эки ажырым жолго түшкөн.

“Канчалык кыйын болсо да мен азыр бул сүйүүмдөн баш тартканым жакшыраак. Кийин мен баламды жоопкерчиликсиз жубайыма кантип ишенип жалгыз таштай алам” деп жагдайын түшүндүрдү.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of