Кыргызстанда 13 жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланды (Тизме)

0

19 – майда Чуй, Нарын, Талас, Ош жана Баткен облустарынын 13 жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Жалпы 233 мандатка 13 айылдык кеңештен 557 талапкер катталган.

25 229 (46,05%) шайлоочунун катышуусу менен шайлоо мыйзам бузууларсыз жыйынтыкталды. Жалпы шайлоочулардын тизмесине бардыгы 54 782 шайлоочу киргизилген.

Чүй облусу боюнча:

– Байтик айылдык кеңешинде 5705 шайлоочунун 3021 добуш берди, бул 52,95 %ды түзөт; 63 талапкерден 21 депутат шайланды.

– Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинде 2321 шайлоочунун 856 шайлоочу добуш берди, бул 36,88%ды түзөт; 29 талапкерден 11 депутат шайланды.

Нарын облусу боюнча:

– Көк-Ой айылдык кеңешинде 1825 шайлоочунун 929 добуш берди, бул 50,90 %ды түзөт; 36 талапкерден 11 депутат шайланды.

Талас облусу боюнча:

– Шекер айылдык кеңешинде 2968 шайлоочунун 1609 добуш берди, бул 54,21 %ды түзөт; 46 талапкерден 21 депутат шайланды.

– Бейшеке айылдык кеңешинде 3267 шайлоочунун 1855 добуш берди, бул 56,78%ды түзөт; 47 талапкерден 21 депутат шайланды.

– Бакыян айылдык кеңешинде 2171 шайлоочунун 1252 добуш берди, бул 57,67 %ды түзөт;  25 талапкерден 11 депутат шайланды.

Ош облусу боюнча:

– Кеңеш айылдык кеңешинде 1890 шайлоочунун 905 добуш берди, бул 47,88 %ды түзөт; 21 талапкерден 11 депутат шайланды.

– Кабылан-Көл айылдык кеңешинде 1620 шайлоочунун 706 добуш берди, бул 43,58 %ды түзөт; 28 талапкерден 11 депутат шайланды.

– Отуз -Адыр айылдык кеңешинде 10 236 шайлоочунун 4222 добуш берди, бул 41,25 %ды түзөт; 61 талапкерден 21 депутат шайланды.

– Н. Исанов айылдык кеңешинде 9057 шайлоочунун 4207 добуш берди, бул 46,45 %ды түзөт; 64 талапкерден 31 депутат шайланды.

Баткен облусу боюнча:

– Самаркандек айылдык кеңешинде 6411 шайлоочунун 2292 добуш берди, бул 35,75 %ды түзөт; 48 талапкерден 21 депутат шайланды.

– Ак-Татыр айылдык кеңешинде 3460 шайлоочунун 1589 добуш берди, бул 45,92 %ды түзөт;  46 талапкерден 21 депутат шайланды.

– Ак-Сай айылдык кеңешинде 3851 шайлоочунун 1786 добуш берди, бул 46,38%ды түзөт;  46 талапкерден 21 депутат шайланды.

shailoo.gov.kg

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of