Депутат М. Мавлянова өзүн сөккөн мэрия кызматкерине жооп берди (Видео)

0

ЖК Республика – Ата Журт фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова социалдык тармактагы баракчасына “Турмушка чыгып жаткан кыздар, далысы ачык, чыпташкан көйнөктөрдү кийбегилечи” деген оюн, сунушун жазган.

Депутаттын бул посту коомчулукта катуу талкуу жаратып, айрымдар “аялдардын укугун тебелеп жатат, Кыргызстанда көтөрүлө турган мындан башка көйгөйлөр толтура” десе, айрымдары эл өкүлүнүн айтканына кошулуп, улуттук идеологияны сактап, менталитетибизге жараша жүрүм – турумубуз болгону туура деген оюн айтышууда.

Мамлекет органдарынын кызматкерлери да четте калбай бул постко өз пикирин билдирип, мэриянын кызматкери Гуля Алманбетова “Пошла на …”деген жообу менен коомчулуктун тепкиси астында калды десек туура болот.

Мэрия өкүлүнүн бул жообуна депутат айым эч терикпестен “Эгер ал мэриянын ишине салымын кошуп жаткан, ишин мыкты билген кызматкер болсо, туура эмес сүйлөп алганы үчүн кызматынан кетирбей эле койсо болот. Ал эмоцияга алдырып койду деп ойлойм”, – деди Мавлянова.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of