Р. Кадыров Зеленскийге Орусияга муштум кезегендердин тагдыры кандай болоорун эскертти

0

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин АКШдан Орусияга каршы санкцияларды катаалдаштыруу өтүнүчүнө Чечен Республикасынын президенти Рамзан Кадыров Twitter аркылуу пикирин билдирди.

“Зеленский президенттик кызматынын алгачкы күнүн душмандык чабуул менен баштады. Орусияга муштум кезегендер көп болгон, бирок алардын азыр дайынын эч ким билбейт, ал эми Орусия ошол эле ордунда” деп жооп берди.

Владимир Зеленский 20 – майда президенттик кызматка киришкен күнү АКШ Администрациясынын жана Конгрессинин өкүлдөрүн кабыл алып, аларды Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырган.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of