Адам эмнеге топурак, күлбото жана чийки эт жегиси келет?

0

Адам эмнеге топурак, бор, күлбото жана чийки эт жегиси келет? Мунун себеби эмнеде?

Булар организмде темирдин, кальцийдин жетишпестиги же организмде темир, кальцийдин сиӊишинин бузулушу. Топурак, күлбото, бор жемей айрыкча анемиядан жабыр тарткандарда кездешет. Анемиясы жок болсо деле айрым кош бойлуу аялдар күлботого же борго талгак болуп, самап жешет. Бул зыяндуу адат.

Организмге зыяны

Топурак, күлбото, бордо жугуштуу ооруларды козгоочу микробдор болушу мүмкүн. Анан аталгандарды жейм деп аларды жугузуп алууга болот. Андан тышкары ич катуу, ич катуудан геморройдун чыгуусу ыктымал. Күндө көптөн жегендердин ичегиси бүтөлүп, операция болууга чейин жетиши мүмкүн. Ичеги мите курттарынын жумурткалары топуракта кездешкендиктен, топурак аркылуу алардын жугуу коркунучу бар. Андай мите курттарга лямблия, аскарида, тасма курт жана башкалар кирет. Борду, топуракты, күлботону көп жегенден өттө, бөйрөктө таштар жарала тургандыгы аныкталган.

Ал эми чийки эттен бруцеллёз, сибирь жарасын, ошондой эле боор курту болуп саналган эхинококкту, альвеококкозду жугузуп алуу мүмкүн. Анын үстүнө чийки эттен ашказан, ичеги оорулары, кийин рак жаралат.

Эмне кылуу керек?

Врачка көрүнүп, анализдерди тапшыруу кажет. Кокус темир жетишсиздиги анемиясы бар экени аныкталса, ошого жараша дарылануу жана курамында темири көп азыктарды көп жеш керек. Темир балыкта, малдын жана үй канаттууларынын боорунда, чечевица, укроп, петрушка, деӊиз капустасында көбүрөөк. Кальцийдин жетишсиздиги аныкталса, врачтын көрсөтмөсү боюнча керектүү дары-дармектерди кабыл алуу менен курамында кальцийи көп азыктарды рационго кошуу кажет. Аларга сүт азыктары (сүт, сыр, быштак, айран), балык, брокколи, жүгөрү, буурчак жана башкалар кирет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of