Актриса жана блогер Айжан Байзакованын турмуш жолуна аттанып жатканы ачыкталды

0

Казахстандын дайыма интрига үстүндө жүргөн, өзүнүн жүрүм – туруму менен коомчулукта кайчылаш пикирлерди жараткан актрисасы Айжан Байзакова турмуш жолуна аттанып жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу анын жакындары тойго чакыруу баракчаларын инстаграм желесине жайгаштырып, “көргөн көзүмө ишенбей жатам” деген пикирлерди калтырышкан.

Ошондой эле актрисанын курбусу Дора Макатова буга чейин ак жоолукчан Байзакова менен сүрөт жүктөсө, айрым баракчалар сөйкө салуу аземиндеги видеолор менен да бөлүшүшкөн. Бирок актрисанын күйөрмандары бул видеолор киного тартылуу учурундагы съемкадан үзүндү болушу мүмкүн экенин айтып, көп маани беришкен эмес.

Чакыруу баракчаларында көрсөтүлгөндөй, Айжан Байзакова менен “белгисиз” мырзанын үйлөнүү тою 7 – июнда, Казахстандын түштүк борборундагы алдыңкы тойканалардын биринде өтөт.

Тойдун чакыруу баракчасы

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of