Дарыгерлердин шалаакалыгынан сокур ичегиси жарылып кеткен 22 жаштагы келиндин кайрылуусу (Видео)

0

Казахстандын Шымкент шаарындагы оорканалардын биринде дарыланып жаткан, дарыгерлердин шалаакалыгынан ден соолугу кескин начарлап, таанылгыс абалга келген 22 жаштагы Александра Песецкая аттуу келин, коомчулуктан жардам сурап видео кайрылуу жасады. Бул тууралуу nur.kz басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Александра февраль айында ичи ооруп ооруканага кайрылган, дарыгерлер текшерүүдөн кийин гинекологиялык шамалдаганга каршы дары дармектерди жазып берип үйүнө жиберип коюшкан. Оорусу басылбаган жаран бир канча жолу аймактык бейтапканага барып, бир нече жолу тез жардам кызматын чакырган. Бир да дарыгер анын сокур ичеги (аппендицит) экенин аныктай албай, ооруну басаңдатуучу ийне сайуу менен гана чектелишкен. Акыркы чакырган тез жардам кызматынын бригадасы тезинен ооруканага жеткирилиши керектигин айтып, келинди госпитализациялаган. Александара ооруканага жеткирилгенде сокур ичегиси жарылып кеткени маалым болгон.

Оорукананын башкы дарыгеринин айтымында бул сыяктуу кырдаалда оорулуулардын 90% өмүрү менен кош айтышат.

Александранын видео кайрылуусу бийлик өкүлдөрүнө чейин жетип, Шымкент шаарынын саламаттыкты сактоо башчысы Асхан Байдувалиев, окуяны өзүнүн карамагына алганын билдирип, даарыгерлердин ишин жана жасаган мамилесин териштирүү үчүн атайын комиссия түзүлөөрүн айтты. Ошондой эле учурда окуядан министр Елжан Биртновдун кабары бар экенин жана келинди борбордогу клиникалардын бирине которуу аракети жүрүп жатканын кошумчалады.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of