И. Карамушкина туулган күнүндө куттуктабаган төрагага нааразычылыгын билдирди

Бүгүн  Жогорку Кеңештин жыйынынды төрага Дастанбек Жумабеков депутат Каныбек Иманалиевди өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктап, элүү жашка толгон эл өкүлүнө парламенттин жана жеке өзүнүн атынан китеп белек кылды.

Ал эми депутат Ирина Карамушкина төрагага кайрылып, аны 55 жаштагы юбилейи менен куттуктабаганын эскертип “Албетте бул өздүк майрам, мен таарындайм деле. Менин 55 жылдык юбилейимде сиз куттуктаган эмессиз. Же орус улутундагы депутатка жасалган милеңизби? Сиз берип жиберген Чыңгыз Айтматовдун китептерин мен мектепке өткөрүп бердим, себеби мен кыргыз тилинде окубайм” деген нааразычылыгын билдирди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of