Орусияда жансыз бала төрөп, ашказанын алдырган кыргыз келин каза болду

0

1985-жылы туулган кыргыз келин Орусияда май айынын башында жансыз бала төрөгөн. Андан кийин 4 операцияны башынан өткөргөн келин каза болду. Анын жансыз денеси бүгүн Ошко алып келинди. Маалыматты super.kg  порталы кабарлады.

Орусияда жашаган Кыргыз жараны Белек Садировдунайтымында, ымыркай 8-9 айлык болгон. Ал мусулмандардын көрүстөнүнө жерге берилген.

“Бала энесинин ичинде өлүп калган экен. Бирок өзү билбей кан кеткенде гана ооруканага барыптыр. Операция жолу менен баланы алышкан. Энесинин абалы оорлошуп, 3 литр кан куюшуптур. Андан кийин эле ашказанында жара бар экени билинип, дарыгерлер ашказанын алып салышты. Анда да көп кан жоготту”, – деди ал.

Маркумдун артында бир кыз, бир уулу калды. Жолдошу аны жерге берүү үчүн Ош облусуна алып келди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of