Өзгөндө өз атасынан көз жарган 15 жаштагы кыз башка үй-бүлөгө асыроого берилди

Өзгөн районунда өз атасы тарабынан зордукталып, көз жарган 15 жаштагы кыз башка үй-бүлөгө убактылуу асыроого берилди. Бул тууралуу маалыматты «Ак жүрөк» кризистик борборунан кабарлашты.

Маалыматта билдирилгендей, 17-май күнү Өзгөн райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери 15 жаштагы кызды убактылуу камкордукка алган үй-бүлөгө өткөрүп беришкен. Бирок бул тууралуу аталган башкармалыктан так маалымат берилген жок.

Буга чейин 15 жаштагы кыз көз жарып, бирок баласынан баш тартып, төрөтканага таштап кеткен.
Ал эми кыздын атасы Өзгөн райондук соту тарабынан 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of