Германияда жубайлар жаңы төрөлгөн ымыркайын таксиге унутуп кетишти

Иллюстрация

Германиянын Гамбург шаарында төрөтканадан чыгып үйүнө бараткан жубайлар жаңы төрөлгөн ымыркайын таксиге унутуп кетишкен. Маалыматты чет элдик “Daily Mail” басылмасы жазып чыкты.

Ата – энеси жаңы төрөлгөн ымыркайын унутуп, улуу баласы  менен таксиден түшүп кетишкен. Ал эми таксинин айдоочусу  ымыркай уктап жаткандыктан аны байкабай, унаа токтотуучу жайга унаасын таштап, өзү түштөнүүгө кетип калган. Качан гана кийинки кардары унаада уктап жакткан наристени көрүп, кабарлаганга чейин айдоочунун наристеден кабары болгон эмес.

Унаасынын салонунан “таап алган” наристени тезинен жакынкы полиция бөлүмүнө жеткирип берген. Бул учурда ымыркайдын ата – энеси да полицияга кайрылып, наристесин издеп жатышкан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of