Потап менен Настя Каменских баш кошушту (Видео)

0

Украиналык белгилүү дуэт Потап жана Настя Каменских баш кошушту. Жагымдуу кабары менен түгөйлөр өздүк социалдык баракчалары аркылуу бөлүшүштү.

Буга чейин жылдыздуу түгөйлөрдүн үйлөнүү тою пландалып, чакыруу баракчалары таркатылганын массалык маалымат каражаттары кабарлашкан. Бүгүн Настя инстаграм баракчасына үлпөт тоюндагы сүрөтү менен бөлүшүп, сүйүктүүсүнө “бакыт тынчтыкты сүйөт дегендей, менин көз карашымы колдоп, мамилебизди жашырып келгениң үчүн рахмат, экөөбүз биргеликте сүйүүбүздү коргоп келгенибиз үчүн рахмат” деп ыраазычылыгын жана сүйүүсүн билдирген пост жарыялады.

Кубанычын тең бөлүшкөн күйөрмандары жана Орусиянын шоу бизнес өкүлдөрү жубайларды кызуу куттуктап жаткан учуру.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of