Дүйнөлүк музыка индустриясындагы эң бай айым аныкталды

0
Forbes журналынын рейтинги боюнча Америкалык ырчы жана актриса Рианна дүйнөлүк шоу бизнес айымдарынын арасынан эң бай деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык Рианнанын байлыгы 600 миллион долларды түзүп, Мадонна жана Бейонсени артта калтырды. Ал байлыгынын негизги бөлүгүн ырлары аркылуу эмес, миллиардер Бернар Арнонун LVMH (Moet Hennessy Louis Vuitton) компаниясы менен түзүлгөн келишимден тапкан. Келишимдин алгачкы ийгиликтери болуп 2017-жылы чыгарылган Fenty Beauty косметикасы бир канча жумада 100 миллион доллар киреше алып келген. Бул сумманы табууга албетте Рианнанын 71 млн катталуучусу бар инстаграм баракчасынын жардамы чоң.
Рианна мындан тышкары бир катар компаниялар менен келишим аркылуу иш алып барат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of