Чүйгө жаңы губернатор дайындалды

0

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Алтынбек Намазалиев дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин Алтынбек Намазалиев Аламүдүн районунун акими болуп иштеген.

Кечээ  10-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Туйгунаалы Абдраимовду өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматынан бошоткон.

Буга чейин, 5-июнда Туйгунаалы Абдраимов Сокулук районунун Орок айылында чыккан чырды чагылдырууга барган журналисттердин биринин турпатын келеке кылганы тууралуу видео тараган. Андагы губернатордун жоругу социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштап, ал журналисттер тарабынан катуу сынга кабылган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of