Ош облустук төрөт үйүндө 26 жаштагы келин көз жумду

0

Облустук төрөт үйүнүн башкы дарыгери Гүлбара Кенжебаеванын билдиргени боюнча, келин төрөттөн кийин акыбалы оорлоп көз жумган.

– Келин бизге келгенде эле каканак суусу жарылып, агып кеткен экен, – деди ал. – Кан басымы да аябай жогорулап кетиптир. Мен ал келиндин абалы тууралуу угарым менен он мүнөттүн ичинде иш ордума келгем. Биз колдон келгенин кылып, аны төрөтүп алдык. Бирок төрөттөн кийин абалы оорлоп, операцияга алып киргенбиз. Бирок анын жатыны аркылуу кан тамырларына инфекция тарап кеткендиктен, сактап кала албадык.

Башкы дарыгердин айтымында келиндин өлүмүнө кошумча баа берилет, учурда бул окуя боюнча атайын медициналык комиссия иликтеп жатат.

Маркум келиндин туугандары «дарыгерлерге дообуз жок» деп тилкат жазып беришкен.

Мурдараак жергиликтүү блогер Адыл Акжол уулу бул маалыматты соцтармактарга таратып, келиндин туугандары «анын өлүмү дарыгерлердин шалаакылыгынан болду» деп айтып жатышканын билдирген.

 

Булак: Азаттык

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of