“Алмамбет, мен сенден уруксат сурабайм”. ЖКда Шыкмаматов менен Өмүркулов айтыша кетти

0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Атамбаевдин 8 – июндагы митингде депутаттардын дарегине айтылган сындарды талдап, Атамбаевдин алты жылдык ишмердүүлүгүнө баа берүү талабы каралууда.

Анда экс – президенттин сөзүн сынга алган Иса Өмүркуловгө “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов:

” Атамбаев – Атамбаев болуп турганда Текебаев аны кылмыш кылып жатат, жоопко тарталы деген. Ошондо Иса Өмүркулов ага каршы чыгып ” Сен эмне деп жатасын? Атамбаев – Улут атасы!” деген Өмүркулов бүгүн 180 градуска бурулуп, эми сындап чыкканы туура эмес. Мен Атамбаевди коргогон жокмун, сөздү бурмалабагыла. Болгону Өмүркуловдун позициясын сындап жатам. Унчукпай эле отурса болмок”,- деди.

Ал эми Иса Өмүркулов: “Алмамбет иним, мен сүйлөө үчүн сенден уруксат сурабайм. Атамбаевдин президент болушуна менин да, сенин да, Текебаевдин да салымы бар. Анын бийлигин колдоп, митингдерде чогу жүргөнбүз”,- деп жооп берди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of