Алтынбек Сулайманов: “Атамбаев экс-президент деген статусун көтөрө албай жатат”

0

“Эки жүздүү Атамбаев экс-президент статусун көтөрө албай жатат”. Дал ушундай ойду Жогорку кеңештин “Бир бол” фракциясынын жетекчиси, депутат Алтынбек Сулайманов өздүк баракчасы аркылуу бөлүштү.

Экс-президент Алмаз Атамбаевдин 8-июнда сүйлөгөн сөзүн уктум. Ал кишинин өлкөдөгү коррупция, негатив жөнүндө сүйлөгөнгө моралдык укугу жок. Алмаз Атамбаев сот системасына, укук коргоо органдарынын иштегенине нааразы болсо, өлкөдөгү кемчиликтерди белгилеп жатса, анда 6 жыл өлкөнү башкарган киши катары күнөөнү бирөөгө оодарбай, суроону өзүнө берсин. Эгер Алмаз Атамбаев өзүнүн башкарып турганда кылган кемчиликтерин унутуп калган болсо, эл ал нерселерди унуткан жок. Экс-президент кетирген катачылыгымды оңдойм десе, анда саясатка аралашпай тынч отурсун. Башка бир мусулманды мунафик, каапыр деп атаганы, ал кишинин экс-президент деген статусту көтөрө албай жатканынан кабар берет. Ушундай кырдаалда Сооронбай Шариповичтин сабырдуулугуна дагы бир жолу баа бердим. Өлкө башчыбыздын коррупция менен күрөшүнө баарыбыз колубуздан келишинче жардам беришибиз керек”,- дейт эл өкүлү.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of