Белгилүү ырчы күйөрманын сабады

0
Иллюстрация
Мюнхен шаарында Rammstein тобунун ырчысы Тилль Линдеманн күйөрманын сабап, ээгин сындыра урду. Бул тууралуу чет элдик  басылмалар жазышууда.
Окуя Мюнхен шаарындагы мейманканалардын биринин барында орун алган. Маалыматка караганда, ырчы достору менен эс алып отурганда күйөрманы келип, чогуу сүрөткө түшүүнү суранган. Бирок ырчы сүрөткө түшүүдөн баш тарткан. Ызааланган күйөрманы Линдеманндын дос кызын кемсинтип, сөгө баштаганда башаламандык жаралып, ырчы күйөрманын сабап салган.
Мейкананын кызматкерлери дароо полиция чакырышкан. Ал эми оруканага жеткирилген жабырлануучунун жаагы сынганы аныкталган. Азырынча Тилль Линдеманн бул тууралуу комментарий бере элек.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of