Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде Баланын укуктары жөнүндө конвенциясынын юбилейлик иш-чаралар планы талкууланды

0

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде Баланын укуктары жөнүндө конвенциясынын Кыргызстанда өткөрүлүүчү юбилейлик иш-чаралар планы талкууланды. Бул тууралуу ведомство маалымдайт.

Бул жылы Конвенция кабыл алынганына 30 жыл толот. Ал БУУнун Генералдык ассамблеясы тарабынан 1989-жылдын 20-ноябрында кабыл алынган. Кыргызстан юбилейди өткөрүүгө даярдык көрөт. Анткени Кыргыз Республикасы аталган документке 25 жыл мурда, 1994-жылдын 12-январында кошулган.

Жумушчу отурумду Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова өткөрүп, ага мамлекеттик жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of