Ош шаарында күнүнө төрт жүзгө чукул кир жуугуч машина чыгарылып жатат

0

Кыргыз-Кытай мамлекеттер аралык кызматташтыгы ар тараптуу өнүгүүдө. Бугун Ош шаарында «ЖинМей» кир жуугучтарды өндүрүүчү ишкана кызуу иш алып барууда. Учурда турмушта өтө зарыл кур жуугучтарды кураштыруучу цехке жергиликтуу тургундар жумушка тартылып, алдын ала окуудан өтүп, кураштыруу, таңгактоо, ташып-жүктөө бөлүмдөрүндө иш алып барышат. Кир жуугучтардын сырткы кабагы кытайда жасалып, калган майда тетиктери Ошто өндүрүлүп, куралат. Өндүрүштө кыз-келиндер кир жуугучтардын тетиктерин улап, конвейер ыкмасында, экинчиси башка тетигин тушаштырып, тиричиликке зарыл буюмду кураштырат. Мында өндүрүлгөн кир жуугучтар ички базарлардан сырткары, кошуна өлкөлөргө Казакстан, Өзбекстан, Тажикситанга экспортко чыкты.

Заводдун топтоштуруу цехинин башчысы Майрамбек Алыбек уулунун айтымында өндүрүш үзгүлтүксүз иштеп жатат:

Күнүнө ишкана төрт жүзгө чукул кир жуучу машиналарды чыгарууга үлгүрүп, жергиликтүү 70тен ашуун жумушчулар туруктуу жумуш менен камсыздалган. Адегенде түстүү сыналгылар өндүрүлсө, бүгүн кардарлардын талабына жараша кир жуугучтар өндүрүлүүдө.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of