Оштун Арек айылында жаңы ФАП ачылды

0

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айылына заманбап фельдшердик-акушердик пункт курулду.

Бүгүн, 12-июнда ФАПтын ачылышына шаар мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, шаарга караган айылдарга өзгөчө көңүл бурулаарын айтты:

“Шаарга караган айылдарда мектеп, бала бакча, ФАП сөзсүз түрдө болуш керек. Арек айылы жаңы ФАП менен камсыздалды. Курулуш иштери жүрүп жатканда келип, ФАПтын айланасын көрктөндүрүүнү, дарак эгүүнү айткан элем. Айткан иштердин баары аткарылыптыр. Алдыда жасай турган иштерибиз көп”,-деди мэр Т. Сарыбашов.

ФАПтын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 5 млн сомдон ашык каражат бөлүнүп, мындан тышкары жергиликтүү ишкерлер да колдоо көрсөткөн.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of