“Ок атуучу куралдарды тартуулаган”. Атамбаевдин дарегине бир топ олуттуу айыптоолор айтылды

0

Мыйзам талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусунан ажыратылгандан кийин гана жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт.

Ошондуктан, адегенде мына ушул маселенин башын ачып алуу зарыл. Бул тууралуу депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусунан ажыратуу үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиянын кезектеги жыйыны өтүп жатканда билдирди.

Ал эми депутат Талант Мамытов демилгечилер тобунун Жогорку Кеӊештин Төрагасына жазган кайрылуусу менен тааныштырып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик ыйгарым укуктарын аткарып аткан учурда көптөгөн мыйзам бузууларга жол бергенин белгиледи. «Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда, 123 чет өлкөлүк адамдарга, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнө ок атуучу куралдарды тартуулаган. Мындай жосундар улуттук мыйзамдардын жоболоруна кайчы келет», – деди ал.

Ошондой эле, депутаттык топтун кайрылуусунда Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы болуп турган учурда анын катышуусу менен кылмыш жазасын өтөп жаткан «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганы, анын кирешелери менен чыгашалары жөнүндөгү декарациясында аталган мүлктөр ээлик кылган мүлктөрүнө дал келбей турганы, ал башында турган Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо жүрүшүндө өлкөгө ири көлөмдөгү зыян келтирилгени тууралуу бир топ маалыматтар камтылган.

Андан тышкары, Алмазбек Атамбаевге жерди транформациялоого мораторий жарыяганына карабастан, 39,65 гектар жерди мыйзамсыз жайыт категориясына которткон, «Дастан» ишканасынын айрым жетекчилеринин көмөгү менен Арашан айыл аймагынан жери алып, анда жеке турак жай салган, кышка даярдык мезгилинде анын Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыз кылуу ишине аралашканы, президенттик шайлоо өнөктүгүндө шайлоо ишине аралашуу менен, Баш мыйзамдын талаптарын бузганы жөнүндө ой-пикирлер да айтылды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин атайын убактылуу комиссиясы 13-июнда «КР Президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесинде «КР ЖК Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 33-беренесине таянуу менен түзүлгөн, анын иштөө мөөнөтү – 7 күн. Комиссия курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков бар.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of