Президенттин уулу губернатор болуп дайындалды

0

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердарды Ахал облусунун башчысы кызматына дайындады. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.

37 жаштагы Сердар Бердымухамедов быйыл январдан бери аталган облустун башчысынын орун басары болуп иштеп келген. Ал куралдуу күчтөрдүн подполковниги.

2016-жылы президенттин уулу түркмөн парламентине депутат болуп шайланган. 2018-жылы тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген. Мындан тышкары да бир катар кызматтарга дайындалган.

2017-жылы жаз жана жай мезгилдеринде Сердар бир канча жолу расмий сапар менен чет өлкөлөргө барып, бир топ мамлекеттерде жогорку кызматтагы адамдар менен жолуккан. Жергиликтүү талдоочулар ал атасы менен бирге өлкө ичиндеги иш-чараларга көп катыша баштаганын билдиришүүдө. Алардын айтымдарында, Сердар Бердымухамедовду расмий басылмалар «элдин уулу» деп аташып, өлкөнү, анын ичинде дене тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп келишет. Мындан улам ал Түркмөнстандын учурдагы президентинин мураскери болот деген божомолдор айтылып жүрөт.

Өлкө башчынын уулу башкара турган облуста 900 миң киши же Түркмөнстан калкынын 14% жашайт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of