Чүйдө белгилүү мушкерди сабап, 500 миң сомун тоноп кетишти

0

ММА мушкери 24 жаштагы Муса Юсуповду Чүйдүн Виноградное айылында сабап, телефону менен жанындагы 500 000 сомун тоноп кетишкен. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча ,мушкерди сабап кеткендер менен мурда өз ара келишпестик болгон. Жада калса тууган болуп кетери да айтылууда.

Аталган факты боюнча Кылмыштар менен жоруктардын реестрине катталып, сотко чейинки тергөө башталган. Териштирүүнүн натыйжасында шектүү катары 42 жаштагы жаран кармалган.

Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of