12-14 жаштагы беш өспүрүм 18 жашар кызды зордукташты

0

Германиянын Мюльхайм-на-Руре шаарында 12-14 жаштагы беш бала 18 жашар кызды зордукташты. Бул тууралуу чет элдик “Интерфакс” басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя 5-июлда шаар четиндеги токойдо болгон. Жергиликтүү тургун ити менен сейилдеп жүрүп, топтошкон балдар кызды зордуктап жатканын көрүп, полицияга кабар берген.

Жабырлануучу кыз ооруканага жеткирилип, зордуктоодон тышкары, кыздын акыл жетишпестиги да аныкталган.

Германиянын мыйзамы боюнча 14 жашка чейинки жарандарга карата кылмыш ишин козгоп, жазага тартуу мүмкүн эмес. Андыктан мындай учурда өспүрүмдөрдү ата-энелери гана жазалай алат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of