“Өлгөн” баланын көзүнөн аккан жаш аны сактап калды

0

Дарыгелердин кайдыгерлиги менен өлдү делген баланы өрттөөдөн энеси сактап калды. Бул тууралуу  Hindustan Times басылмасына таянып  чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.

Индияда Гандэм Киран аттуу бала июнь айынын акырында оор абалда, дене табы жогорулап ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер ага “гепатиттин оор түрү” деген диагноз коюшкан. Көп өтпөй жеке клиникага которулган Киран комага түшүп калган. Дарыгерлер баланын жакындарына үмүт жок экенин айтып, өлдү деп Киранды үйүнө чыгарып беришкен. Индиянын салты боюнча өлгөн адамды өрттөө зыйнатына даярдык жүрүп жатканда, энеси баласынын көзүнөн жаш агып жатканын байкап, дароо тез жардам чакыртышкан. Дарыгерлер “өлгөн” баланын жүрөгү согуп жатканын аныкташып, ооруканагы алып кетишкен.

“Үч күндөн кийин уулум өзүнө келип, биз менен акырындан сүйлөшө баштады. Кийинчерээк үйгө алып чыктык. Азыр дарыгердин сунуштамалары менен өзүбүз дарылап жатабыз“,- дейт Кирандын апасы уулунун “кайтып келгенине” ишене албай.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of