Путин менен Жээнбеков жолугушту. Путин биздин ажого ыраазычылыгын билдирди

0

Кремлдин расмий сайты жазып чыккандай, бүгүн, 11-июлда Москвада Кыргызстан жана Орусиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин жолугушуусу өттү. Жээнбеков Швейцариядан кайтып келатып Москвада кыска мөөнөттө иш сапар менен болду.

Путин Москвага тийип, эки тараптуу алакалардын бүгүнкү абалы тууралуу сүйлөшүүгө убакыт тапканы үчүн Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Жээнбеков да Путинге ыраазычылык билдирип, кыргыз-орус мамилеси, достук жана өнөктөштүк ийгиликтүү өнүгүп жатканына токтолду.

Ошоной эле Орусия президентинин буга чейин Кыргызстанга болгон сапары жемиштүү болуп, анда алты миллиард долларлык 50дөн ашык келишимге кол коюлганын эске салды. Путиндин колдоосу менен Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду натыйжалуу иштеп, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине адаптация болушу үчүн 200 миллион доллар бөлүнгөнүн айтты. Орусиянын өлкөнүн бюджетин колдогонун бийлик жогору баалай турганын белгилеп, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) сессиясынын алкагында Путиндин Кыргызстанга келишин күтө турганын кошумчалады.

Булак: Азаттык

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of