Атамбаев Москвага барып келгенине канча акча короткону белгилүү болду

Кой-Ташка эки КАМАЗ таш төктүрүп алып, жазуучу Олжобай Шакир “Жумушсуз темселегендер менен кекиртегин черткен алкаштарды топтой коюп деле өлкөдө 3-төңкөрүштү жасап жиберүү иттен оңой иш экенин ойлонуп атса керек АША” деп жазгандай, бекерчилерге бекер концерт коюп,  өзүн коргоого алган мурунку президенттин айткан сөздөрү менен кылган иштеринин баары калп болуп чыгып, элди тарта албай убара тартууда. Москвага Канттагы авиабаза аркылуу коммерциялык учак менен учуп, орус президенти Путин менен жолугуп, андан жакшы сөз укпай кайтканда “Кимдин чакыруусу менен барганым түшүнүктүү болду да. Кандай учак жиберет, чакырган тараптын иши…” деп элге балп эткени эсиңерден чыга элек болсо керек. Атамбаев учкан учак саатына 10 миң доллар акча аларын ошол эле күнү белгилүү болгон.

Атамбаевге келген учакка төлөнчү акчаны чакырган тарап төлөбөй эле, Атамбаев өз чөнтөгүнөн төлөгөнү маалым болууда. Коммерциялык учакта 7 кишиден турган АШАнын командасы учкан. Алар Внукова аэропортуна конушканын өздөрү жарыялашкан. Бизге жеткен маалымат боюнча, кайра ошол эле аэропорттон учарда, учактын ээлери “Учак үчүн сүйлөшкөн 100 миң долларды, 7 кишиге 14 миң доллар төлөгүлө. Төлөбөсөңөр уча албайсыңар” деген шартты коюшат. “Кыргызстанга барганда сүйлөшкөн акчаны аласыңар” деген Атамбаевдин командасынын сөзүнө макул болушпай коюшканда, Атамбаев Внукова аэропортунан 114 миң долларды которуп берүүгө аргасыз болуптур. Эгер бул маалымат калп десе, Атамбаевдин өкүлү Кундуз Жолдубаева 114 миң доллар төлөп берген эмеспиз деп расмий билдирүү таратсын. Алардын билдирүүсүнөн кийин расмий булактар дагы төлөнгөн акча тууралуу маалыматты жарыялайбыз деп аткан кези экен.

Ошентип, Москвага Путиндин чакыруусу менен барып келдим, ошол тарап өздөрү учак жөнөттү деп бапылдап жаткан Атамбаевдин айткандарынын баары калп болуп чыгып жатабы? Деги, Атамбаевдин айткан сөздөрүнүн бирөөсү чын болобу?

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика