Евразия экономикалык биримдиги үчүн жалпы жарандыкты киргизүү сунушталууда

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланышуу иштери боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Константин Затулин Евразия биримдигинин жараны статусун негиздөөнү сунуштады.

Затулиндин айтымында Евразия экономикалык биримдиги үчүн жалпы жарандыктыкты сөзсүз түрдө киргизүү зарылчылыгы бар.

“Эгерде биз Евразия биримдигине олуттуу карай турган болсок, Европа биримдиги сымал Евразия экономикалык биримдигинин жарандыгын негиздөө керектелет . Мисалы, мен Россия федерациясынын жараны катары Евразия экономикалык биримдигинин жараны статусуна ээ болушум керек. Башкача айтканда кош жарандык.
Эгерде биз Евразия биримдигин өнүктүрүүнү көздөй турган болсок, анда биз Евразия биримдигинин жалпы жарандыгын киргизишибиз керектелет”,- деп билдирүү жасады Константин Затулин. Ошондой эле бул тема менен бирге мекендештерди репатриациялоо (башка мамлекеттердеги өзгөчө кырдаалдагы мекендештерди кайтаруу) мыйзамы боюнча демилгени мамлекеттик Думада эл өкүлдөрүнө алып чыгарын билдирди.