“Манас” аэропортунан көтөрүлгөн учакта каза тапкан наристенин өлүмүнүн чоо-жайы

Иллюстрация

Өлкөдөгү авиакомпаниялардагы ишенимдүү булактарына таянып, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги “Манас” аба майданынан учкан учактагы наристенин өлүмү тууралуу кененирээк жазып чыкты.

Буга чейин Pegasus Airlines компаниясынын Бишкек — Стамбул багыты боюнча учкан учагында бир жарым айлык ымыркайдын чарчап калганы айтылган.

Ымыркайды ата-энеси Түркияга медициналык текшерүүгө алып бара жаткан. Учак саат 8:50дө абага көтөрүлгөн. Баланын абалы начарлай баштаганда учак Казакстандын аба чек арасынан өтүп калган. Жүрөгүндө кемтик болгондуктан, кычкылтек бет кабын алып келип беришкен. Капитан жүргүнчүлөрдүн бири өзүн жаман сезип жатат деп “Манас” аэропортуна кайра конууга уруксат сураган.

Саат 10:16да учак “Манаска” конуп, баланы аэропорттун дарыгерлери менен Бишкектин Тез жардам медицина борборунун кызматкерлери карап, анын чарчап калганын аныкташкан. Кайтып келген учак кайра жолун улаган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика